Бишкек, 07.05.26. /Кабар/. Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариевдин Черногорияга болгон иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн ишкердик байланыштарын чыңдоо боюнча бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлду.
Аталган мекемеден билдиришкендей, иш сапардын алкагында Соодв-өнөр жай палатасынын чет өлкөдөгү ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө өзгөчө басым жасалды. Черногориянын Кыргызстандагы Ардактуу консулу Бекназар Асанов расмий түрдө Соода-өнөр жай палатасынын аталган өлкөдөгү өкүлү катары тааныштырылды.
Темир Сариев Черногориянын Соода палатасынын жетекчилиги менен жолугушуп, анын жыйынтыгында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Тараптар туризм чөйрөсүнө өзгөчө көңүл буруп, кыргызстандык адистер үчүн такшалмаларды уюштурууну макулдашышты.
Белгилей кетсек, Черногориянын ички дүң продукциясынын 30%дан ашыгын туризм тармагы түзөт, бул тажрыйба Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ.
Черногориянын Экономика жана Туризм министрликтеринде өткөн жолугушууларда соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү, инвестиция тартуу жана кыргыз компанияларынын Европа рынокторуна чыгуу маселелери талкууланды.
Черногория Европа биримдигине мүчөлүккө талапкер өлкө катары кыргыз бизнеси үчүн Европага ачылган дарбаза боло алары белгиленди.
Мындан тышкары, кыргыз тарап үстүбүздөгү жылдын октябрь айында БУУнун колдоосу астында өтө турган эл аралык туристтик форумга чакырылды.