Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Кореяга болгон иш сапардын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Кореянын климат, энергетика жана айлана-чөйрө министри Ким Сонгхван менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда климаттын өзгөрүшү, суу ресурстарынын абалы жана Борбор Азиядагы таза суунун негизги булагы болгон мөңгүлөрдүн эриши негизги көңүл борборунда болду.
Кыргыз тарап өлкөнүн аймактагы суу ресурстарын калыптандыруудагы өзгөчө ролун жана аларды сактоо боюнча жоопкерчилигин белгиледи. Суу ресурстарын туруктуу башкаруу, климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу, ошондой эле заманбап технологияларды киргизүү жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү багыттары аныкталды.
Жолугушуунун жыйынтыгында ушул жылдын сентябрь айында Сеул шаарында өтө турган “Борбор Азия — Корея Республикасы” саммитине карата биргелешкен документти даярдоо боюнча макулдашууга жетишилди.
Тараптар кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө ишеним билдиришти.