Бишкек, 07.05.26. /Кабар/. 9-Май - Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери жана согуштун катышуучулары менен жолугушуулар уюштурулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, ага министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана ИИМдин Борбордук аппаратынын жетекчилери катышты. Анда ардагерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк, зарыл дары-дармектер тапшырылып, ошондой эле материалдык жардам көрсөтүлдү.
Бул иш-чаралар жеңишти камсыз кылууга кошкон баа жеткис салымы, көрсөткөн эрдиги жана кайраттуулугу, ошондой эле келечек муундардын тынч жана бакубат жашоосу үчүн арнаган эмгеги үчүн ардагер жана оорук эмгекчилерине болгон терең урматтоонун, ыраазычылыктын белгиси болду.