Көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт: 24-июнга карата аба ырайы

Коом Загрузка... 24 Июнь 2026 11:25
711567473_3860291457447358_5750804675158855373_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 24-июнга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +27…+32, Талас облусунда +25…+30, Ысык-Көл облусунда +23…+28, Нарын облусунда +19…+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30…+35 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +30…+32 градуска жетиши күтүлөт.