Эми шаарлар аралык автобустарга билетти онлайн сатып алууга болот

Коом Загрузка... 24 Июнь 2026 11:55
автобус_мэрия3.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда санариптик кызматтарды өнүктүрүү жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында "Менин шаарым" мобилдик тиркемесине жаңы функция кошулду.

Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришкендей, эми тиркеменин колдонуучулары автобекеттерге барбастан, шаарлар аралык жүргүнчү ташуу каттамдарына электрондук билеттерди онлайн режиминде брондоп жана сатып ала алышат.

Жаңы кызматтан пайдалануу абдан жөнөкөй жана бир нече эле кадамды талап кылат:

  1. "Менин шаарым" тиркемесин ачып, "Кызматтар" бөлүмүнө өтүү;
  2. билет сатып алуу кызматын тандоо;
  3. керектүү багытты (маршрутту), сапардын күнүн жана транспорттогу каалаган бош орунду белгилөө;
  4. төлөмдү онлайн жүргүзүү.

Төлөм ийгиликтүү жүргүзүлгөндөн кийин электрондук билет автоматтык түрдө тиркеменин ичинде сакталат. Жүргүнчү жолго чыгаарда аны уюлдук телефонунан эле айдоочуга же контроллерго көрсөтүүсү жетиштүү.

"Бул заманбап сервис жарандардын убактысын үнөмдөөгө, автобекеттердеги узун кезектерди азайтууга жана өлкө ичиндеги саякаттарды алдын ала пландоого чоң өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.