Кыргызстандык куткаруучулар япониялык 2 туристке жардам көрсөттү – видео

Коом Загрузка... 05 Май 2026 19:30

Бишкек, 05.05.26. /Кабар/. Кыргызстандын куткаруучулары Япониядан келген эки туристке жардам беришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 112 кызматына ”Ала-Арча“ мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан ”Корона чокусу“ баш калкалоочу жайынан Япониянын эки жараны жардам сурап кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Анда туристтердин биринин ден соолугу кескин начарлап кеткени айтылган.

Куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн тоодо куткаруу отрядынан 8 куткаруучу тартылган. Алар аталган жайга жетип, жабыркаган жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүштү. Экинчи жарандын абалы туруктуу деп бааланган.

Жыйынтыгында эки чет элдик жаран тең тоодон аман-эсен түшүрүлүп, Бишкек шаардык ооруканасына жеткирилди.