Кыргызстандыктардын адабий табити: Бүгүнкү күндө кандай китептер популярдуу?

Маданият Загрузка... 23 Апрель 2026 10:50
WhatsApp_Image_2026_zztBpYX.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата китеп окуунун адам жашоосундагы ролуна өзгөчө көңүл бурулууда. Китеп бүгүнкү күндө жөн гана билим булагы эмес, өзүн-өзү таануу, эс алуу жана жеке суроолорго жооп издөө куралы болуп калууда. Бул күнгө карата "Кабар" агенттиги кыргызстандыктар кандай китептерди окуп жатканын, китепканаларда кайсы чыгармаларга суроо-талап жогору экенин жана китеп дүкөндөрүнөн эмнелерди көбүрөк тандап жатышканына кызыкты.

К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын "Мекен таануу" маалыматтык-ресурстук бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жолочиева билдиргендей, китепканага 14 жаштан 65 жашка чейинки ар кандай курактагы адамдар келишет.

2

Ошондой эле китепканада "Балалык" бөлүмү иштеп, ага 3 жаштан баштап балдар үзгүлтүксүз келип турушат. Окурмандар арасында көркөм адабият, анын ичинде тарыхый жана драмалык жанрлар өзгөчө популярдуу. Мындан тышкары, психология жана педагогика боюнча китептерге болгон кызыгуу туруктуу сакталып келет. Ал эми жаштар көбүнчө мотивация берүүчү китептерди сурашат.

"Окуу басылмалары да маанилүү орунду ээлейт – мектеп окуучулары жана студенттер тарых, химия, кыргыз тили, философия боюнча адабияттарды, ошондой эле ЖРТга даярдануу үчүн материалдарды активдүү алышат", - деди ал.

Гүлнара Жолочиеванын айтымында, окурмандар кыргыз авторлорунун чыгармаларына өзгөчө көңүл бурушат. Алардын арасында Ч. Айтматовдун "Делбирим", Р. Абиловдун "Каректен аккан көз жаш", Т. Касымбековдун "Кел-Кел", К. Сактановдун "Маркумдар үнү" жана У. Абдукаимовдун "Майдан" романдары бар.

3

Гүлнара Жолочиева өзү Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын өзгөчө баалайт, китепканада иштеген жылдары анын бардык чыгармаларын кайрадан окуп чыккан.

"Университетте берилген тапшырмалардын барын китепканадан таап окучубуз. Мен кыргыз авторлорунун, орус классиктеринин жана дүйнөлүк классиканын чыгармаларын окудум. Канча китеп окуганымды санаган да эмесмин. Бирок, бюджеттик негизде окугандыктан, жакшы даярданып, китепканага көп барчубуз, ошондуктан алардын саны кыйла эле көп деп ойлойм", - деп кошумчалады ал.

Бишкектеги китеп дүкөндөрүнүн биринин кызматкери Ирина Науменко акыркы убакта китеп алууга мектеп окуучулары, студенттер жана 14 жаштан 30 жашка чейинки жаштар көп келе баштаганын белгиледи.

Анын айтымында, сатып алуучулар арасында фэнтези, фантастика, романдар жана классикалык адабияттар эң популярдуу жанрлардан. Авторлордон Джейн Остин, Эрих Мария Ремарк, Шарлотта Бронте, Джордж Оруэлл жана Пауло Коэльо көбүрөк тандалат.

Ошондой эле балдар арасында "Кичинекей ханзаада" жана "Алиса кереметтер дүйнөсүндө" сыяктуу белгилүү чыгармаларга суроо-талап туруктуу. Кыргыз авторлорунан Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч", В. И. Козодойдун "Сибир кыргыздарынын цивилизациясы" жана Шакарим Кудайберди уулунун "Түрк, кыргыз, казак жана хан тукумдарынын санжырасы" китептерине кызыгуу чоң.

4

Ирина Науменко психология жана өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча адабияттарды, атап айтканда, "Бийликтин 48 закону", "Атомдук адаттар", "Дене баарын эстейт" жана "Балалыктагы жаракаттардын сыныктары" сыяктуу китептерди өзүнчө белгилеп өттү.

Өзү болсо классикалык адабиятты артык көрөрүн, сүйүктүү чыгармаларынын арасында Сомерсет Моэмдин "Устаранын мизи" романы, ошондой эле Теодор Драйзер менен Арчибальд Крониндин китептери бар экенин айтты.

Ошентип, санариптик технологиялардын өнүгүшүнө карабастан, Кыргызстанда китепке болгон кызыгуу төмөндөгөн жок. Окурмандар дагы деле классикага кайрылып, заманбап авторлорду таанып, китептерден жөн гана билим эмес, жеке суроолоруна жооп издеп келишет.

Китепканалар жана китеп дүкөндөрү кичинекей окурмандардан баштап чоңдорго чейинки ар кандай курактагы адамдар үчүн маанилүү борбор бойдон калууда. Суроо-талаптардын ар түрдүүлүгүнө караганда, бүгүнкү күндө китеп – бул жөн гана маалымат булагы эмес, баарлашуу, издөө жана ички өсүү мейкиндиги.