Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү эл аралык талаптарга жооп берет. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев "Кабар" агенттигинде өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, министрлик чет өлкөлөргө дипломатиялык жолдор — 32 элчилик жана 10 башкы консулдук аркылуу Кыргызстандын жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрү тууралуу маалыматтарды таратты.
"Биз эки этап менен иштерди жүргүздүк. Биринчи этапта электрондук түрдөгү маалыматтар берилди. Экинчи этапта документтин өзүнүн үлгүсү жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө айдоочулук күбөлүк эл аралык талаптарга жооп берет. Учурда документ боюнча кемчиликтер жана даттануулар боюнча кайрылуулар келген жок", — деди ал.