Кыргызстандын аскерлери КМШ чемпионатында байгелүү орунду ээлешти

Коом Загрузка... 27 Июнь 2026 11:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 27.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн курама командасы Минск шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн достук армияларынын арасында аскердик беш түр боюнча XVII чемпионатта байгелүү орунга ээ болушту.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 22–26-июнь күндөрү өткөн мелдешке КМШ өлкөлөрүнүн эң күчтүү аскер спортчулары катышкан.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы ок атуу жана граната ыргытуу боюнча командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи.

Бул жыйынтык Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана эл аралык ири мелдештерде өлкө намысын татыктуу коргой аларын дагы бир жолу далилдеди.