Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Кесиптик билим берүүдө Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалымат ылайык, бүгүн Республикалык илимий-методикалык борбордо Борбор Азиядагы кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү борборунун ачылышы жана кытайлык өнөктөштөр тарабынан заманбап техникалык жабдууларды берүү аземи өттү.
Жабдуулар Ухань шаарынын тышкы экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча борбору тарабынан берилди.
Агартуу министринин орун басары Алберт Махметкулов кызматташуунун бул форматы тармакты модернизациялоодо натыйжалуу инструмент экенин баса белгиледи.
Жаңы жабдуулар окуу процессин жакшыртууга шарт түзүп, сапаттуу видеоконтент даярдоого, онлайн-лекциялар менен эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө жана заманбап мультимедиялык ыкмаларды кеңири колдонууга мүмкүндүк берет.
Иш-чара буга чейин түзүлгөн меморандумдун практикалык уландысы болуп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.