Бишкек, 26.03.26 /Кабар/. Кытай Жерди алыстан байкоо үчүн эки спутникти орбитага ийгиликтүү чыгарды. Бул тууралуу Кытай аэрокосмостук илимий-техникалык корпорациясына таянып, Интерфакс билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, бул учуруу геодезия, картография жана спутниктен алынган маалыматтарды иштеп чыгуу тармагында иш алып барган China Siwei компаниясы үчүн жүргүзүлгөн.
Аталган SuperView Neo 2-05 жана Neo 2-06 спутниктери 0,5 метрге чейинки жогорку тактыктагы сүрөттөрдү тартууга жөндөмдүү. Алардын негизги милдеттери - айлана-чөйрөнү мониторинг кылуу, экологиялык коопсуздукту камсыздоо үчүн маалымат топтоо, табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга жардам берүү, суу ресурстарын башкаруу жана 3D сүрөттөрдү түзүү жана шаарларды моделдөө.
Ал эми эки баскычтуу жеңил класстагы “Чанчжэн-2D” ракетасы төмөнкү Жер орбитасына 3,5 тоннага чейин, ал эми Күнгө шайкеш орбитага 1,3 тоннага чейин жүк чыгара алат.