Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. Кытайдын адам сымал роботтору дүйнөлүк аренага чыгууда. Бул тууралуу "Синьхуа" агенттигине шилтеме берүү менен Kazinform агенттиги билдирди.
Кытайдын Unitree Robotics компаниясы 2025-жылы адам сымал роботторду сатуунун көлөмү олуттуу өскөнүн кабарлады. Компания кеп иш жүзүндө сатылган жана кардарларга өткөрүлүп берилген түзүлүштөр жөнүндө болуп жатканын, бул мындай продукцияга болгон жогорку суроо-талапты айгинелей турганын баса белгиледи.
Тармактык баалоолорго ылайык, Кытайдагы адам сымал роботтордун рыногу тездик менен өсүп, мурунку жылдын көрсөткүчтөрүнөн эки эседен ашык ашты. Эксперттер белгилегендей, бүгүнкү күндө роботторду көрсөтүү жөн гана шоу иретинде болбостон, реалдуу коммерциялык баалуулукту түзө баштады.
"Көрсөткүчтөр роботтордун реалдуу өнүгүүсүн гана далилдебестен, белгилүү бир коммерциялык баалуулукту да жарата алат", - деди компаниясынын негиздөөчүсү Ван Синсин.
Тармакта 2025-жыл адам сымал роботторду массалык түрдө чыгаруунун башталышы катары каралууда. Кытайдын Өнөр жай жана маалыматташтыруу министрлигинин маалыматы боюнча, Кытайда мындай түзүлүштөрдүн жүздөгөн моделдери иштеп жатат, ал эми роботтор бара-бара жөн эле демонстрациядан өндүрүштөгү реалдуу жумушка өтүүдө.