Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга инвестиция салууга даяр

Экономика Загрузка... 26 Июнь 2026 15:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайдын онго жакын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу Акунбековдун Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон иш сапарынын алкагында өттү.

Жолугушууга “China National Petroleum Corporation”, “China Road and Bridge Corporation”, “China Datang Overseas Investment” өңдүү дүйнөлүк деңгээлдеги жана соода-логистикалык ири гигант компаниялардын жетекчилери катышты.

Анда негизинен күйүүчү-майлоочу май, жол куруу, энергетика, тоо-кен, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана логистика багытындагы инвестициялык долбоорлор талкууланды.

Эрлист Акунбеков Кыргызстанда чет өлкөлүк капиталды коргоонун мамлекеттик кепилдиктери толук камсыздалганын айтып, ата мекендик тиешелүү органдарга кытайлык инвесторлор менен ишти ыкчам алып барууну тапшырды.

Каралган маселелердин жыйынтыгы жакында өтө турган кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында жана ШКУнун Бишкектеги саммитинин алкагында расмий документтер менен бекемделери күтүлүүдө.

Муну менен катар, минкаб төрагасынын орун басары Кытай менен соода кылган кыргызстандык ишкерлерди да кабыл алып, транзит жана экспорт маселелерин укту. Ал өлкөдө ата мекендик бизнес үчүн гранттык жана субсидиялык жаңы колдоо программалары кабыл алынарын убада кылды.