Кызыл-Кыяда ФАП мыйзамсыз курулгандыгы аныкталды

Аймак Загрузка... 12 Ноябрь 2025 10:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарынын Ак- Булак айыл аймагында фельдшердик-акушердик пункт курулуш реестрине катталбай, уруксат кагаздары жок курулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз курулуш Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен регионалдык башкармалыгы тарабынан аныкталган.

Натыйжада өз билемдик менен курулуш-монтаждоо жумуштарын аткарып, курулуштун техникалык регламенттерин бузган "Анвар Групп" ЖЧКсына карата административдик чаралар көрүлдү. Башкармалык тарабынан Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.