Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. Баткен электр тармактары ишканасы бир катар курулуш долбоорлорун ишке ашырууда.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, алардын бири Лейлек райондук электр тармагынын Өзгөрүш участогунун имаратынын курулушу. Учурда куруу иштери кызуу жүрүүдө.
Объект кызматкерлердин иш шарттарын жакшыртуу, электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында курулууда.
Жаңы имаратты 2025-жылдын декабрь айынын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.
Башкы план боюнча, имараттын аянты 68,8 чарчы метрди түзөт. Мында эс алуу бөлмөсү, шаймандарды сактоочу жай, санитардык-гигиеналык түйүндөр жана ыкчам жыйындар үчүн бөлмөлөр, кампа, унаа токтотуучу жай да каралган.