Лейлек районунун Ак-Суу айылы таза суу менен камсыз болду

Аймак Загрузка... 31 Октябрь 2025 12:50
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 31.10.25. /Кабар/. Лейлек районунун Ак-Суу айылы таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул маселе 2024-жылы өткөн III Элдик курултайдын делегаттары тарабынан көтөрүлгөн. Калктын таза сууга болгон муктаждыгын чечүү максатында Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1 млн 800 миң сом акча бөлүнүп, 1200 метр аралыктан суу түтүктөрү тартылып келген. Азыркы тапта жергиликтүү тургундар ичүүчү суу менен камсыз болду.

Белгилей кетсек, 2025-жылга карата министрликке III Элдик курултайдын делегаттарынан келип түшкөн суроо-талаптардын негизинде жалпы 410 пункттан турган иш-чаралар планы бекитилген. Анын ичинен 50 иш-чара аткарылган, 360 иш-чара аткарылууда, аткарылбай калган иш-чара жок.

Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү ирригация маселесине (60 пайызы) жана ичүүчү таза сууга (23 пайыз) тиешелүү.