Лейлектеги аскердин абалы туруктуу оор бойдон калууда – министрлик

Ден соолук Загрузка... 07 Апрель 2026 12:21
oorukana.jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 07.04.26 /Кабар/. Лейлек районунда 4-апрелде жол кырсыгынан оор жаракат алган аскердин абалы туруктуу, оор бойдон калууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн профилдик адистердин катышуусунда консилиум өткөрүлдү. Абалы туруктуу оор деп бааланууда. Дарылоо уланууда.

Эскерте кетсек, 4-апрелде Лейлек райондук ооруканасына оор жаракат алган 2004-жылы туулган аскер кызматкери Н.Д. түшкөн. Ал жандандыруу бөлүмүнө өтө оор абалда жаткырылган. Ага баш сөөгүнүн жабык жаракаты, мээнин оор даражадагы чайкалышы жана мээге кан куюлуу диагноздору коюлган. Ошондой эле Оштон санавиация менен дарыгерлер барып, бейтапка операция жасашкан.