Өлкө тарыхында биринчи жолу шайлоо аралыктан добуш берүү менен өттү - Шайназаров

Шайлоо Загрузка... 17 Декабрь 2025 10:23
hd-1765955567091.jpeg

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Өлкө тарыхында биринчи жолу шайлоо аралыктан добуш берүү менен өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиянын төрагасы Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңеште жаңы шайланган депутаттарга төш белги тапшыруу аземинде билдирди.

Анын айтымында, бул жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна, башкача айтканда шайлоочу убактылуу жүргөн жериндеги каалаган шайлоо тилкесине барып, каалаган талапкерине добуш берүүсүнө шарт түздү.

“Ошентип, шайлоочу алдын ала арыз бербестен, онлайн идентификациядан өтүү менен шайлоо укугун жүзөгө ашыра алды”, - деди ал.