Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. М. Куренкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайдын жаңы имараты жыл аягына чейин пайдаланууга берилет. Бул тууралуу маданият министри Мирбек Мамбеталиев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында курулуш иштери менен таанышуу учурунда билдирди.
Министрдин айтымында, буга чейин окуу жай жайгашкан эски эки кабаттуу имарат авариялык абалда деп табылган. Окуу жайга жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы менен имаратты мындан ары пайдалануу кооптуу экени аныкталып, анын ордуна заманбап талаптарга жооп берген жаңы комплекс куруу чечими кабыл алынган.
"Эски имараттын аянты 3000 чарчы метрден ашчу. Азыр болсо сегиз кабаттуу жаңы имарат курулуп жатат. Анын жалпы аянты 14 миң чарчы метрден ашат. Бул жерде окуу бөлмөлөрү, студенттер үчүн жатакана, ашкана жана 300 орундуу чоң концерттик зал болот. Жыл соңуна чейин окуу жайдын мугалимдери жана окуучулары жаңы имаратка көчүп кирет деп күтүлүүдө. Учурда окуучулар жана мугалимдер убактылуу башка жайларда жайгаштырылган. Жаңы имарат даяр болгондон кийин алардын баары кайра ушул жерге кайтып келишет", — деди министр.
Мирбек Мамбеталиев жаңы имарат окуу процессин жакшыртууга чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. Ошондой эле комплексте 90 орундуу жатакана каралган. Анда эки орундуу бөлмөлөр жана өзүнчө санитардык түйүндөр болот. Буга чейин окуу жайдын өзүнүн жатаканасы болгон эмес. Долбоор өлкө башчысынын фондунан бөлүнгөн 750 миллион сом каражаттын эсебинен ишке ашырылууда.
"Жаңы курулушта заманбап технологиялар колдонулуп, имараттын акустикалык талаптары толук сакталат. Жаңы концерттик зал жана заманбап окуу корпустары өлкөдөгү музыкалык билим берүүнүн өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат", — деди министр.