Майлуу-Суу лампа заводунун аймагында эркин экономикалык аймак түзүлүшү мүмкүн

Министрлер кабинети Загрузка... 03 Март 2026 18:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Edelweiss Group AG" компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушууда компания өкүлдөрү Кыргызстандын аймагында мамлекеттик маанидеги инфраструктуралык долбоорлорго эл аралык инвесторлорду тартууга жана каржылоого кызыкдар экенин билдиришти. Анда Европа өлкөлөрүнөн жеке жана юридикалык тараптарды эркин экономикалык аймактын жана Edelweiss банкынын алкагындагы банктык жана корпоративдик кызматтарга тартуу маселеси талкууланды.

Эркин экономикалык аймагын уюштурууну "Майлуу-Суу лампа заводу" ачык акционердик коому жайгашкан аймакта кароо артыкчылык катары эсептелип жатканы айтылды. Анда кайра иштетүүчү өнөр жай жана энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда европалык технологиялар колдонулуп, каржылоо жүргүзүлөт.

Жолугушуунун соңунда министрлер кабинетинин төрагасы мамлекетке инвестиция салууга кызыкдар ишкерлер менен кызматташууга Кыргызстан ар дайым ачык экенин, ошол эле учурда улуттук мыйзамдардын сакталышы керектигин белгилеп, жогорудагы сунуштардын негизинде тийиштүү иштерди жүргүзүүнү мамлекеттик органдарга тапшырды.