Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев журналисттерге берген маегинде президент – бул чечим кабыл алуучу адам экенин жана жарандар, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер аларды аткарышы керектигин белгиледи.
"Өлкөдө президент бар жана биз анын чечимдерин аткарышыбыз керек. Ар бир мамлекеттик кызматкер кызмат ордун ээлеп жатканда иерархияны так түшүнөт: жоокер генералдын тилин алгандай эле, мамлекеттик кызматкерлер да белгиленген тартипке ылайык иштешет", — деп баса белгиледи Маматалиев.