Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда мас абалында унаа башкарган айдоочуларга карата жоопкерчиликти жогорулатуу максатында мыйзамдарга олуттуу өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын юристи Байказы Айтикул уулу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, мурда колдонулуп келген 17 500 сомдук айып пул жана бир жылга айдоо укугунан ажыратуу мас айдоочуларга таасир этпегендиктен, Укук бузуулар жана Кылмыш-жаза кодекстерине жаңы катаал нормалар киргизилди.
Укук бузуулар кодекси боюнча:
- Мас абалында унаа башкаруу: Эки жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу менен 80 миң сом айып пул.
- Медициналык текшерүүдөн баш тартуу: Үч жылга унаа башкаруу укугунан ажыратуу жана 100 миң сом айып пул.
- Мас айдоочуга билип туруп унаасын берүү: Жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 55 миң сом айып пул.
- Мас абалында жеңил жол кырсыгын жасоо (материалдык чыгым келтирилсе): Үч жылга айдоо укугунан ажыратуу жана 100 миң сом айып пул.
- Бир жыл ичинде кайталап мас абалында кармалуу: Кылмыш иши козголуп, бир жылга чейин эркиндигинен ажыратылат же кызмат ордунан ажыратуу менен 100 миңден 150 миң сомго чейин айып пул салынат.
Кылмыш-жаза кодекси боюнча (оор кесепеттер):
- Адамдар жаракат алган учурда: 5 жылдан 8 жылга чейин камакка алуу жазасы колдонулуп, камактан чыккандан кийин 6 жылдан 9 жылга чейин унаа башкаруу укугунан жана ээлеген кызматынан ажыратылат.
- Адам өлүмү менен коштолгон учурда: 8 жылдан 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы берилет. Камак мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин дагы 12 жылга чейин унаа башкарууга толук тыюу салынат.
Байказы Айтикул уулу жаңы эрежелерде эч кандай жеңилдиктер каралбаганын кошумчалады.
"Тараптардын элдешүүсү кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт. Мас айдоочу жол кырсыгына кабылып, чыгымды толук төлөп берип, экинчи тарап менен жарашса дагы жоопкерчиликтен бошотулбайт. Мындай учурларда жазаны жеңилдетүү же пробациялык көзөмөл такыр колдонулбайт. Ал эми айдоо укугунан ажыратуу мөөнөтү айдоочу негизги жазаны өтөп, башкача айтканда, камактан чыккандан кийин гана эсептеле баштайт", — деди ал.