Бишкек, 19.05.26 /Кабар/. Мындай долбоорлор биздин мамлекеттердин ортосунда өз ара ишенимди бекемдөөгө, кесиптик кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана адамдык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында “Түндүк-Түштүк” саясий изилдөөлөр борборунун директору Анжелика Трапезникова билдирди.
Анын айтымында, медиа-мектеп биргелешкен аракеттердин натыйжасында КМШ өлкөлөрүнөн келген таланттуу жаштарды, эксперттерди жана медиа коомчулуктун өкүлдөрүн бир аянтчага топтоду.
"Катышуучулар анда быйылкы жылдагы медиа чөйрөнүн негизги тренддерин, коммуникация эрежелеринин өзгөрүшүн, күчтүү жеке бренд түзүүнүн негиздерин жана фейктерге каршы күрөшүү ыкмаларын үйрөнүшөт. Ошондой эле алар контент жаратууда нейрон тармактарын жана жасалма интеллект технологияларын колдонуу көндүмдөрүн өздөштүрүшөт.
Ар бир мастер-класс практикалык тапшырмаларды, чыгармачыл кейстерди жана реалдуу коммуникациялык кырдаалдардагы иш-аракеттерди камтыйт. Катышуучулар теориялык билим менен катар, алган көндүмдөрүн практикада колдонуп, өздөрүн ар кандай шартта көрсөтө алышат.
Ушунун негизинде эксперттер жана уюштуруучулар эң активдүү жана мыкты катышуучуларды тандап алышат. Жеңүүчүлөрдү ар кандай белектер күтүп, алдыңкы үч орунга өзгөчө артыкчылыктар берилет. Мындан тышкары, Сочи шаарында өтө турган финалдык этапка жолдомо ойнотулат”,-деди ал.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 18-21-май күндөрү “Келечек жаштары: санариптик технологиялар жана креативдүү индустриялар” аттуу медиа-мектебинин биринчи этабы өтүүдө. Долбоорго КМШ өлкөлөрүнөн келген 100дөн ашуун журналисттер, блогерлер, медиа өкүлдөр жана эксперттер катышууда.