Бишкек, 01.07.26 /Кабар/. Мексиканын Юкатан штатында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына таянып, Казинформ жазды.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Юкатан штатындагы Эль-Прогресо шаарынан түштүк-батышты карай 75 чакырым алыстыкта, деңизде жайгашкан. Силкинүүнүн очогу 10 чакырым тереңдикте болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Эске салсак, буга чейин 24-июндун кечинде жана 25-июндун таңында Венесуэлада 7 баллдан ашкан эки жер титирөө болуп, көптөгөн турак жайлар жана башка инфраструктуралар кыйраган.
Акыркы маалыматтарга ылайык, кырсыктан каза болгондордун саны 1943 адамга жетти.