Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Быйыл Ош шаарында он миңге чукул окуучу мектеп менен камсыздалат. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Тынчтык Бекташтегин билдирди.
Анын айтымында, Ош шаарында президенттин тапшырмасы менен 10 мектеп курулууда. Мындан тышкары, дагы 6 мектептин курулушу жүрүүдө. Бул жалпы муктаждыктын 20-22%ын чечет.
“Мурда 2-3 жылда бир мектеп ачсак, азыр бир жылда 5-6 мектеп ачып жатабыз. Эгерде биз ушул он мектепти орточо эсеп менен 700-800 орундуу десек, он миңге чукул окуучу мектеп менен камсыз болот. Бул жалпы муктаждыктын 20-22%ын чечет. Бүгүнкү күндө мамлекеттик мектептерде 100 миң окуучу окуйт, бирок алар 46 миң окуучуга гана ылайыкталган. Эми үч нөөмөттө билим алгандар эки нөөмөткө, эки нөөмөттөгүлөр бир нөөмөткө өтө баштайт. Ош шаарында ички миграция күчөп жатат. Төрөлүүнүн эсебинен окуучулардын саны көбөйүүдө. Негизги 3 мектеп калк жыш жайгашкан Курманжан датка МАБда курулууда. Кызыл-Кыштак айылында эл жыш жайгашпаганы менен мектептердин көлөмү кичинекей болгондуктан, балдар шаарга келип окушчу. Эми алар өз участогунда окуп калат”, - деди ал.
Ошондой эле Тынчтык Бекташтегин белгилегендей, алдыңкы беш жылга шаарга дагы 30 мектеп керек.