Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. Жыл башынан бери мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу боюнча 380 миң өтүнмө келип түштү. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун директору Тынычбек Саидов "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылдын 15-январынан тартып мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу акциясы башталган.
"Биз 15-январдан бери келип түшкөн 380 миң өтүнмө боюнча айдоочулук күбөлүктөрдү даярдап берүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар менен иштеп жатабыз", — деди ал.
Ошондой эле Тынычбек Саидов белгилегендей, бүгүн, 31-мартта мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу өнөктүгү аяктайт.
"Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрү бар жарандар биздин борбордун жакын жайгашкан бардык бөлүмдөрүнө кайрылса болот. Биз акыркы кардарга чейин иштөөгө даярбыз. Бүгүн күчөтүлгөн тартипте иш алып баруудабыз", — деди ал.