Молдованын парламенти КМШ өлкөлөрүнөн чыгуу тууралуу акыркы чечимди чыгарды

Дүйнө Загрузка... 03 Апрель 2026 11:00
moldova.jpg

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Молдова парламенти КМШны түзүү келишимин жана Шериктештиктин уставын денонсацияланган мыйзамдарды акыркы окууда кабыл алды, деп билдирет Интерфакс.

Маалыматка ылайык, бул келишимдерди жокко чыгарууну Тышкы иштер министрлиги демилгелеп, КМШнын негизги баалуулуктары жана принциптери учурда КМШнын айрым мүчөлөрү тарабынан сакталбай жатканын айткан.

"КМШ келишимин жокко чыгаруу Европа биримдигине кошулуу максатына жетүү үчүн жасалган кадам болуп саналат", - деп белгилейт өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги.

КМШнын 283 келишиминин ичинен Молдова буга чейин 71ин денонсациялаган жана болжол менен 60ы каралууда. Парламент муну улуттук саясатты жана өлкөнүн мыйзам чыгаруу жана экономикалык базасын модернизациялоону Европа биримдигинин стандарттары жана нормалары менен шайкеш келтирүү үчүн зарыл кадам катары түшүндүрүүдө.

Молдованын президенти мыйзамдарга кол койгондон кийин, Тышкы иштер министрлиги бардык документтерди КМШнын Аткаруу комитетине жөнөтөт жана Вена конвенциясына ылайык, Шериктештиктен чыгуу 12 айдан кийин аяктайт.