Москвада өлтүрүлгөн кыргызстандык аялдын өздүгү такталып, шектүү кармалды

Кырсык Загрузка... 21 Май 2026 18:30
ubiistvo_0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Москвада 1992-жылы туулган Кыргызстандын жараны Т.А. аттуу аял киши колдуу болду. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган факты боюнча Россиянын мыйзамдарына ылайык "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Кыргызстандын жараны С.Ж. кармалды.

"Учурда Кыргызстандын Россиядагы элчилиги каза болгон жарандын жакындары менен байланыш түзүп, анын сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси иштелип чыгууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин ЖМКлар Москвада кыргызстандык аял киши колдуу болгонун жазышкан.