Мунарбек Сейитбек уулу Стамбулдагы эл аралык турнирде алтын байге алды

Спорт Загрузка... 06 Апрель 2026 08:58
3732816.72e591b5dcc332baca8911b8ae70fdb2.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Күн мурун, 5-апрелде Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу "Ahmet Cömert Bosphorus International Boxing Tournament" эл аралык мелдешинде жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнир Стамбул шаарында 29-марттан 5-апрелге чейин өттү. Анда мушкер 60 кг салмак категориясында күч сынашып, мелдештин бардык баскычтарын ишенимдүү түрдө басып өттү.

Ал алгачкы беттешинде Өзбекстандын өкүлү Тилав Супоновду, чейрек финалда австралиялык Дарси Омаллейди жеңди. Жарым финалда германиялык мушкер Денис Бриль менен кез келип, аны да 5:0 эсебинде утуп, финалга чыкты.

Ал эми чечүүчү беттеште Мунарбек Сейитбек уулу 5:0 эсебинде украиналык спортчу Иван Завадскийди утту.