Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Нарын шаарындагы айланма жол курулуш иштерине байланыштуу убактылуу жабылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жол Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 346-чакырымындагы курулуш иштерине байланыштуу жабылды.
"Жол кыймылын коопсуз уюштуруу жана курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында аталган тилкеде бардык унаалардын жүрүүсүнө 20-июнга чейин чектөө киргизилет", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик айдоочулардан алдын ала маршруттарын пландап, жол белгилеринин талаптарын сактоону жана мүмкүнчүлүк болсо альтернативдүү жолдорду колдонууну өтүнөт.