Жалал-Абаддын инвестициялык потенциалы инвесторлорго тааныштырылды

Аймак Загрузка... 11 Июнь 2026 14:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 11-июнда Манас шаарында аймактагы инвестициялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө жана бизнес менен мамлекеттик органдардын өз ара кызматташтыгын чыңдоого багытталган “Инвестициялык вектор: аймактардын мүмкүнчүлүктөрү жана туруктуу өнүгүүсү” аталышындагы семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара аймактагы инвестициялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү, инвестициялык инфраструктураны жакшыртуу жана инвестицияларды тартууга тоскоол болгон маселелерди талкуулоо максатын көздөйт.

Ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралып, Жалал-Абад облусунун инвестициялык потенциалы бизнес коомчулукка жана потенциалдуу инвесторлорго тааныштырылды.

Семинар суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз сунуштарын жана демилгелерин билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышты.