Ноокат өнүккөн, туристтик аймакка айланат – президент

Президент Загрузка... 15 Апрель 2026 17:12
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Жакынкы жылдары Ноокат району өнүккөн, жашоого ыңгайлуу жана туристтик аймакка айланат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров район тургундары менен жолугушканда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, заманбап технологияларды киргизүү, кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу жана фермерлерди колдоо аркылуу райондун айыл чарбасы жаңы деңгээлге чыгарылат.

"Чакан жана орто бизнести өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүү менен өндүрүш өнөр жайын күчөтөбүз", — деди президент.

Ошондой эле туризм тармагы жандандырылат.

"Кыргыз-Ата", "Абшыр-Ата", "Кара-Кой" сыяктуу кооз жерлерди дүйнөгө таанытуу менен туризмди жандандырабыз. Ошону менен бирге экономикалык өсүштү өркүндөтөбүз", — деди Садыр Жапаров.