Кыргызстанда Орозо айы 19-февралда башталат. Дээрлик бир ай бою мусулмандар орозо кармайт.
Орозо айы – ыйманды жаңылоонун, биримдикти бекемдөөнүн жана шүгүрдү арттыруунун айы. Бул ай – жүрөктөрдү тазалап, руханий жаңылануунун, кечиримдүүлүк менен мээримдин айы, адамдардын бири-бирине болгон сүйүүсүн жана урматын күчөтүүчү мезгил.
“Кабар” агенттиги облус жана шаарлардагы ооз бекитүү жана ооз ачуу убактыларын сунуштайт.





