Бишкек, 12.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын айрым аймактарында оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөө 14-июль саат 09:00дөн 15-июль саат 08:00гө чейин күчүндө болот. Суу берүүнүн токтотулушу диаметри 600 мм болгон суу түтүгүндөгү авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.
Суу өчүрүлө турган аймактар:
- Асанбай кичи району (Куттубаев көчөсүнөн С. Батор көчөсүнө чейин) жана Асанбай 40/1;
- 6-кичи район толугу менен;
- 5-кичи район (жарым-жартылай);
- 8-кичи райондун түштүк тарабы (эскертүү: 8-кичи райондо суунун басымы төмөндөйт);
- Ала-Арча-1, Ала-Арча-2, Ала-Арча-3, Орто-Сай-2 турак жай шаарчалары;
- Сары-Өзөн конушу жана Француз кварталынын батыш тарабы;
- “ Газпром“ мектеби.
“Суу турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-өндүрүштүк объектилерде өчүрүлөт. «Бишкексууканал» ишканасы тургундарды жана мекемелерди ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт”,–деп айтылат маалыматта