Эмне үчүн кыргызстандыктар өлкө ичинде саякаттоону көп тандашууда?

Коом Загрузка... 12 Июль 2026 12:00
5e0d8d0c63839921487.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Мындан он жыл мурда эле Кыргызстандагы ички туризм өлкө тургундарынын көбү үчүн Ысык-Көлгө баруу менен гана чектелчү. Ал эми бүгүнкү күндө кыргызстандыктар башка аймактардагы белгилүү да, аз изилденген да маршруттарды кыдырууга көп барышууда. Өлкө ичинде саякаттоого болгон кызыгуунун өсүшү менен бирге жаңы туристтик багыттар, эс алуунун форматтары жана кызмат көрсөтүүлөр пайда болууда. Ички туризм сезондук гана көрүнүш болбой калдыал аймактардын өнүгүүсүнө түрткү берген жана жергиликтүү бизнеске жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн туруктуу трендге айланды.

Тармактагы көрсөткүчтөр

Кыргызстан боюнча саякаттоого болгон кызыгуу өлкө экономикасынан да байкалууда. Туризм тармагы бүгүнкү күндө өлкөдөгү эң ылдам өсүп жаткан тармактардын бири бойдон калууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2025-жылы туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту мурунку жылга салыштырмалуу 8,1%га өсүп, биринчи жолу 1 млрд доллардан ашты.

Туризмдин ИДПга кошкон салымы 74,4 млрд сомду же 3,8%ды түздү. Мындай өсүштү чет элдик туристтер гана эмес, өлкө ичинде барган сайын активдүү саякаттап, жаңы маршруттарды өздөштүрүп жаткан кыргызстандыктар өздөрү да камсыз кылууда. Муну менен алар отельдерге, конок үйлөрүнө, экскурсияларга, транспортко жана башка туристтик кызматтарга болгон суроо-талапты түзүп жатышат.

1

2025-жылдын жайкы сезонунун жыйынтыгы боюнча (июнь айынан август айына чейин) өлкөдө 3,5 миллиондон ашык адам эс алган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 50,6%га көп, башкача айтканда, саякатчылардын саны дээрлик 1,2 млн адамга өстү.

Ички туризмдин географиясы жана өнүгүү себептери

Негизги туристтик багыт катары мурдагыдай эле Ысык-Көл облусу калууда. Жай ичинде бул аймакка 2,3 млн адам барган, бул 2024-жылга салыштырмалуу 34%га көп. Бирок эң байкалаарлык өсүш өлкөнүн башка аймактарына туура келди. Маселен, Чүй облусунда эс алуучулардын саны дээрлик төрт эсеге, Ош шаарында 2,5 эседен ашуунга көбөйгөн. Ошондой эле туруктуу өсүш Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Баткен облустарында да катталды. Бул кыргызстандыктар менен чет элдик коноктор Ысык-Көлдөгү салттуу эс алуу менен гана чектелбестен, барган сайын жаңы маршруттарды тандап жатышканын айгинелейт.

Кышкы туризмге болгон кызыгуу да өсүүдө. Кышкы сезондо өлкөгө 378 миң 571 адам келген, бул эс алуучулардын саны 257 миң 868 адамды түзгөн мурунку сезонго салыштырмалуу дээрлик 47%га көп. Туристтердин жалпы санынын 63 миң 184 чет элдик жарандар түзгөн.

Кыргызстандыктар кайда барышат?

Жаңы багыттар активдүү өнүгүп жатканына карабастан, Ысык-Көл облусу Кыргызстандын негизги туристтик борбору бойдон калууда. Бирок саякатчылардын каалоо-тилектери да өзгөрүүдө: алар бул жакка көлгө түшүү үчүн гана эмес, аймактын жаратылыш кооздуктары менен таанышуу үчүн да барган сайын көп келишүүдө. Эң популярдуу локациялардын арасында ГригорьевЮ Семенов жана Жети-Өгүз капчыгайы, Барскоон шаркыратмасы жана көлдүн түштүк жээгиндеги "Жомок" (Сказка) каньону бар. Тескей Ала-Тоонун этегинде жайгашкан Каракол шаары ондогон тоо маршруттарынын, анын ичинде эң белгилүүлөрдүн бири болгон бийик тоодогу Ала-Көл көлүнө алып баруучу жолдун башталгыч чекити бойдон калууда.

2

Чүй облусу бара-бара дем алыш күндөрү саякаттоо үчүн негизги багыттардын бирине айланууда. Бул жерде эл көп барган Ала-Арча, Аламүдүн, Чуңкурчак, Кегети жана Чоң-Кемин капчыгайлары, ошондой эле региондогу эң бийик шаркыратмалардын бири Белогорка жайгашкан. Облуста активдүү эс алуудан сырткары, өнүккөн санатордук-курорттук инфраструктураны да бар: Ысык-Ата жана Жылуу Булак (Теплые Ключи) курорттору, Кой-Таш эс алуу зонасы жана Воронцовка санаторийи. Кышында туристтерди Орловка, Тогуз-Булак, Ак-Түз, Кашка-Суу жана Норус лыжа базалары өзүнө тартса, жылуу мезгилде Бишкекке жакын жайгашкан Чүй жана Ала-Арча суу сактагычтары популярдуулукту жаратат.

3

Нарын облусу көчмөн туризмдин символдорунун бири бойдон калууда. Бул жердеги негизги тартуу борборлору – жайында боз үй лагерлери иштеген бийик тоодогу Соң-Көл көлү жана жарыкка да, аба ырайына да жараша суусунун түсү өзгөрүп турган Көл-Суу көлү. Туристтер дал ушул жерден көчмөндөрдүн салттуу жашоо ыңгай менен таанышууга мүмкүндүк берген эс алууну көп тандашат.

4

Жалал-Абад облусу саякатчыларды жаратылыш кооздуктары жана ден соолукту чыңдоочу эс алуу мүмкүнчүлүктөрү менен өзүнө тартат. Регион өзүнүн минералдык булактары, дары баткактары, ошондой эле дүйнөдөгү эң чоң табигый жаңгак токою болгон Арсланбап менен белгилүү. Аймактын дагы бир визиттик карточкасы – коруктагы токойлор жана тоо кыркалары менен курчалган Сары-Челек көлү.

5

Ош облусу эң оболу ыйык Сулайман-Тоо менен байланыштырылат, бирок регионго болгон кызыгуу экскурсиялык туризмдин чегинен барган сайын чыгууда. Драйверлердин бири гастрономиялык багыт болууда: саякатчылар өлкөнүн түштүгүндөгү салттуу тамак-аштарды, анын ичинде жергиликтүү күрүч сортунан жасалган атактуу Өзгөн палоосун татып көрүү, ошондой эле Борбордук Азиядагы эң ири базарлардын биринин атмосферасы менен таанышуу үчүн келишет.

6

Талас облусу азырынча өлкөнүн эң аз турист барган региондорунун бири бойдон калууда, бирок дал ушул нерсени көптөгөн туристтер анын башкы артыкчылыгы катары көрүшөт. Бул жерде "Манас-Ордо" тарыхый-маданий комплексинен сырткары "Беш-Таш" улуттук паркы, Киров суу сактагычы жана Чыңгыз Айтматовдун туулган айылы Шекер жайгашкан. Көпчүлүк үчүн Таласка болгон саякат – Кыргызстандын массалык туризм азырынча өнүгө элек, анча белгилүү эмес тарабын ачуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат.

7

Баткен облусу активдүү эс алууну сүйүүчүлөр үчүн эң өзгөчө багыттардын бири бойдон калууда. Регион гранитка бай чокулары жана татаал альпинисттик маршруттары үчүн көп учурда "Азия Патагонияс" деп аталган Каравшин капчыгайы менен белгилүү. Облустун дагы бир жаратылыш өзгөчөлүгү – Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү, дал ушул региондо гана өскөн жана жазгысын бир нече жума гана гүлдөгөн Айгүл гүлү өскөн Айгүл-Таш тоосу.

8

Эмне үчүн кыргызстандыктар өлкө ичинде эс алууну тандашууда?

Ички туризмдин өсүшү – акыркы жылдары кыргызстандыктардын өз өлкөсү боюнча саякаттоого болгон мамилесин өзгөрткөн бир нече факторлордун натыйжасы.

COVID-19 пандемиясы. Эң негизги бурулуш учурлардын бири COVID-19 пандемиясы болду. Чек аралардын жабылышы туристтик бизнести ички рынокко багыт алууга мажбур кылды, ал эми өлкө тургундары Кыргызстандын ичинен жаңы маршруттарды издей башташты. Дал ошондо көпчүлүк биринчи жолу Нарын, Баткен жана Талас облустарына сапар тартып, мурда популярдуу туристтик карталардан тышкары калып келген жерлерди ачышты.

Жөнөкөйлүк жана жеткиликтүүлүк. Мындай саякаттардын жеткиликтүүлүгү да кем эмес маанилүү роль ойноду. Өлкө ичиндеги саякаттар чет өлкөдөгү эс алууга караганда азыраак убакытты жана чыгымды талап кылат: виза же чет элдик паспорттун кереги жок, ал эми туристтик локациялардын көбүнө бир нече саатта жетип алууга болот. Ошол эле учурда рынок дээрлик ар кандай бюджетке ылайыктуу варианттарды сунуштайт – баасы 1 миң сомдун тегерегиндеги бир күндүк турлардан баштап, бийик тоолуу аймактарга болгон бир нече күндүк экспедицияларга чейин. Дагы бир артыкчылыгы – даана байкалган сезондуулуктун жоктугу: жайында көлдөр менен капчыгайлар популярдуу болсо, кышында тоо лыжа курорттору жана кышкы треккинг суроо-талапка ээ.

9

Мамлекеттик колдоо. Ички туризмдин өнүгүшүнө тармакты мамлекеттик колдоо да өбөлгө түзүүдө. Акыркы жылдары туристтик инфраструктураны курууга жумшалган инвестициялар көбөйдү, отельдердин, конок үйлөрүнүн жана башка объекттеридин саны өстү, ал эми туризмди өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки узак мөөнөттүү мамлекеттик программасы тармакты андан ары кеңейтүү үчүн шарттарды түзүүдө.

Жаңы таасирлерге жана чыныгы баалуулуктарга болгон суроо-талап. Ошол эле учурда саякатчылардын өздөрүнүн да талаптары өзгөрүүдө. Барган сайын көп туристтер стандарттуу мейманканалык эс алууну эмес, жаратылышка жана жергиликтүү маданиятка байланыштуу таасирлерди тандап жатышат. Боз үй лагерлери, көчмөн турмушу, улуттук ашкана, кол өнөрчүлүк жана жергиликтүү жамааттардын турмушу менен таанышуу саякаттын ажырагыс бөлүгүнө айланууда. Көпчүлүк үчүн дал ушундай формат Кыргызстан боюнча саякатты салттуу пляждык эс алууга караганда жагымдуураак кылат.

Эгерде мындан бир нече жыл мурда ички туризм көп учурда чет өлкөлүк сапарларга айласыз альтернатива катары кабыл алынса, бүгүнкү күндө бул аң-сезимдүү жана кадыр-барктуу тандоо болуп калды. Соң-Көлдө боз үйгө түнөө, Каравшинде тоо аралап саякаттоо же Оштун даамдуу тамактарынан ооз тийүү - мурдагыдай айла жоктуктан жасалган тандоо эмес. Бүгүн мекендештерибиз акча үнөмдөө үчүн эмес, жаңы жерлерди көрүү, жаратылыштан ырахат алуу жана өз жерин жакындан таанып-билүү үчүн өлкө ичин кыдырып жатышат.