Орун тартыштыгы жоюлат: Сентябрда Бишкекте 20 жаңы мектеп эшигин ачат

Билим Загрузка... 12 Февраль 2026 17:45
WhatsApp_Image_2025_SUYJeBa.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Быйыл президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бишкек, Ош жана Манас шаарларында жаңы мектептер курулат. Максаты - демографиялык өсүштүн натыйжасында орун тартыштыгы жаралган мектептердеги жүктү азайтуу. Учурда Бишкекте курулуш иштери башталып, айрым мектептер жаңыдан салынса, кээ бирлерине кошумча корпустар курулууда. Объектилерди быйыл сентябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Өлкөдө 2 миң 394 мектепте 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Анын ичинен 2 миң 170 мектеп мамлекеттик жана муниципалдык, калган 224 мектеп жеке менчик. Бишкек шаарында жалпысынан 120 мектеп бар.

Мамлекет жыл сайын жүздөгөн мектептерди куруп жатканына карабай, үч ири шаарда, айрыкча калкы миллиондон ашкан борбордо, окуучулардын саны мектептердин долбоордук кубаттуулугунан ашууда. Мындан улам бул шаарларда тез арада жаңы мектептерди куруу зарылдыгы жаралды.

Атап айтканда, быйылкы жылы Бишкек шаарында - 20, Ош шаарында – 10 жана Манас шаарында – 6, жалпы 36 жаңы мектеп салынып, колдонууга берилет. Окуучулардын заманбап шартта билим алуусуна, үч нөөмөттө окутууну азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Объектилер мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылат.

Борбор калаада Өскөн-Ордо, Ак-Ордо жана Көк-Жар калктуу конуштарына, Кудайберген базарына, Дача-Су жана Достук айылдарына жаңы мектептер, №88, №64, №91, №42, №55, №72, №79 жана №86 мектептерге кошумча корпустар курулат. Алар 270 орундан тартып 500, 600, 750 жана 1200 орунга чейин эсептелип салынат.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу “Кабар” агенттигине билдиргендей, аталган мектептер менен кошумча корпустар парта, отургучтарына чейин коюлуп, толук бүткөрүлүп берилет.

“Мисалы, Калыс-Ордо конушунун №86 орто мектебине жалпы аянты 6846 чарчы метрди түзгөн 650 орундуу кошумча корпусу курулууда. Жашоочулардын санынын көптүгүнө байланыштуу ушундай чечим кабыл алынды. Учурда курулуш иштеринин алгачкы этабы башталды.
Башкы план боюнча имарат 2 кабаттан турат. Мектепте заманбап окуу класстары, китепкана, лаборатория, компьютердик класс, дарыгердин бөлмөсү, ашкана, жыйындар залы, атайын эмгек класстары жана бардык стандарттар менен спорт зал болот. Мектеп пайдаланууга берилсе 1300 баланын билим алуусуна шарт түзүлөт. Буюрса, мектеп 1-сентябрь - Билим күнүнө даяр болот ишенебиз”,-деди ал.

Жогоруда аталган мектептин директору Гүлжамал Мадамилова белгилегендей, учурда мектепте балдардын коопсуздугуна кам көрүү менен курулуш аянты тосулуп, алгачкы иштер аткарыла баштады. Ошондой эле корпус мектептин эскилигинен же кайсы бир мүчүлүштүктөрдөн эмес, жүктөмдүн көптүгүнөн улам курулууда.

“Биздин мектеп 2017-жылы эле салынган жаңы мектеп. Бирок, кубаттуулугу 660 орунга гана ылайыкташкан. Учурда анда 4385 окуучу билим алат. Балдардын мынчалык көптүгүнүн себеби, Калыс-Ордо конушунун айланасында Алтын Казык, Алга Элим жана Теңдик жаңы конуштары жайгашкан. Атап айтканда, баарына биригип бир гана мектеп бар. Анын үстүнө ал шаардан алысыраак. Бүгүнкү күндө 123 класс бар жана бир класста 46дан окуучу окуйт.
Негизи долбоорду башталгыч класстарга деп жазганбыз. Себеби, учурда 55 башталгыч класс үч нөөмөт менен окуйт. Курулуш аяктаса 2 миңден ашык бала ушул мектепке көчүп, эки нөөмөт менен окуп калат эле. Учурдагы мектепте жогорку класстар калып, алар дагы эки нөөмөт менен гана окуй алышат”,-деди директор.

Белгилей кетсек, быйыл өлкө боюнча 52 жаңы мектеп курулуп, 39 мектеп оңдоодон өткөн. Ошондой эле Бишкек шаарында акыркы 3 жылда 9 мектеп, 15 кошумча корпус курулган.

f8c09b44884c3419763c110c11f2e49a.jpg