Орус драма театры россиялык көрүүчүлөргө спектаклдерин тартуулайт

Маданият Загрузка... 22 Апрель 2026 09:40
1acc4578412008bbaf8996038d1a3644.jpg
copyright icon www

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. 21-27-апрель күндөрү Россиянын Новокузнецк шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук орус драма театрынын спектаклдери коюлат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, гастролдор Россиянын Маданият министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан Бүткүл россиялык гастролдук-концерттик пландын негизинде “Росконцерт” мекемесинин колдоосу менен уюштурулууда.

Спектаклдер Кузбастын эң байыркы маданий жайларынын бири — Новокузнецк драма театрынын сахнасында өтөт.

Гастролдук программа театрдын репертуарындагы эң белгилүү жана көрүүчүлөр сүйүп көргөн спектаклдерди камтыйт: “Мастер и Маргарита”, “Сказка о царе Салтане”, “Вий”, “Куклы”, “Три сестры”.

Чыңгыз Айтматов атындагы театр буга чейин Москва, Тула жана Рязань шаарларында ийгиликтүү гастролдорун өткөргөн.