Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулушу тездетилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Мэр Жанарбек Акаев Г.Айтиев жана Көкүм-Бий көчөлөрүн бириктирген эки деңгээлдүү эстакадалык көпүрөнүн курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Ал шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратпоо үчүн курулуш иштерин ыкчам жүргүзүп, белгиленген мөөнөттү сактоону тапшырды. Ошондой эле канализация түйүндөрүн, электр чубалгыларын жана башка инженердик коммуникацияларды көчүрүү иштерин кечиктирген жооптуу мекеме-ишканаларга тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти.
Белгиленгендей, эстакадалык көпүрөнүн жалпы узундугу 354, туурасы 50 метрди түзөт. Долбоордун алкагында көпүрөнүн алдындагы айланма жолду көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана заманбап жарыктандыруу системаларын орнотуу иштери да жүргүзүлөт.