Садыр Жапаров: Ош шаарын өнүктүрүүгө кошумча каражат каралат

Президент Загрузка... 10 Апрель 2026 18:18
669440671_26330539199920972_1686153910447652584_n (1).jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Быйылкы жылга Ош шаарынын бюджети 5,2 млрд сом өлчөмүндө аныкталса, жыл соңуна чейин шаарды өнүктүрүүгө дагы кошумча каражаттар каралат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы Ош шаарынын бюджети 3,4 млрд сом деп белгиленсе, жыл соңуна чейин республикалык бюджеттен дагы 6 млрд сомдон ашык каражат кошумча берилген.

Ал эми “Капиталдык салымдар” боюнча өткөн жылы Ош шаарына 598 млн сом бөлүнгөн. Быйылкы жылга ушул эле “Капиталдык салымдар” боюнча азырынча 683 млн сом каралып, бир катар объекттердеги курулуш иштерин улантууга берилгендиги, жыл соңуна чейин дагы кошумча каражат бөлүнөрү маалымдалды.