Ош шаарында эл аралык "Көчмөн жолу" мотожүрүшү өтөт

Спорт Загрузка... 30 Июнь 2026 10:00
163156721.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Ош шаарындагы борбордук аянтта бүгүн мотосезондун салтанаттуу ачылышы өтүп, анын алкагында “Көчмөн жолу” аттуу эл аралык мотожүрүш уюштурулат.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, иш-чара VI Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата уюштурулууда.

Жүрүшкө Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Россиядан келген 150гө жакын байкер катышат. Алар өз өлкөлөрүнүн мотоклубдарын тааныштырып, жолдо коопсуз жана маданияттуу жүрүү эрежелерин жайылтышат.

Бул иш-чара шаар бийлигинин жана мотоклубдардын колдоосу менен өткөрүлүп, мото-туризмди өнүктүрүүгө жана жол коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

Мотожүрүш саат 15:30да башталат.