Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Ош шаарында мамлекеттик 70 мектепте 100 миңден ашуун окуучу билим алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында билдирди.
Мында, тилекке каршы, мамлекеттик мектептердин сыйымдуулугу болгону 46 миңден ашуун гана окуучуга эсептелгени маалым болду.
“Бул иш жүзүндө мектептер 2 эседен ашык жүктөм менен иштеп жатканын көрсөтөт. Башкача айтканда, ар бир 1 орунга 2ден ашуун окуучу туура келип, билим берүү сапатынын аксашына алып келүүдө. Натыйжада 16 мектепте окуу процесси 3 сменде, ал эми 51 мектепте 2 сменде уюштурулган. Жалпы 70 мектептин ичинен болгону 3 мектепте гана бир сменде окуу мүмкүнчүлүгү бар экен. Бул жагдай шаардагы билим берүү системасында инфратүзүмдүк тартыштык өтө курч болуп келгенин айгинелейт”,- деди Жапаров.
Президент ошондой эле мүмкүнчүлүккө жараша көйгөйлөр четинен чечилип жатканын, жаңы мектептердин курулушун кечиктирбей баштоо бүгүнкү күндүн талабы экенин баса белгиледи.
Эскерте кетсек, бул максатта бүгүн Ош шаарында мамлекеттин эсебинен 10 мектептин курулушу башталды.