Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Ош шаарында билим берүү борборунун курулушундагы топурактын сапаты текшерилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк региондук башкармалыгынын адистери Ашимахунов көчөсүндө жайгашкан курулуш объектисинде лабораториялык изилдөөлөр үчүн топурактын үлгүлөрүн алды.
Сыноолордун жыйынтыгында топурактын документтердеги талаптарга шайкештиги аныкталат. Лабораториялык сыноолордун жыйынтыгы боюнча тиешелүү корутунду даярдалат.
Белгилей кетсек, сапатка көзөмөл жүргүзүү аткарылып жаткан иштердин курулуш ченемдеринин талаптарына шайкештигин камсыздоо, ошондой эле курулуп жаткан объекттердин ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу максатын көздөйт.