Ошто хирургдар 2 жашар баланын ичегисинен 17 даана магнит алып чыгышты

Ден соолук Загрузка... 17 Январь 2026 12:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы

Бишкек, 16.01.26 /Кабар/. Ошто хирургдар 2 жашар баланын ичегисинен 17 даана магнит алып чыгышты. Бул тууралуу Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынан билдиришти.

Ооруканага 2 жашар бейтап магниттик оюнчуктун 17 даанасын жутуп алган абалда кайрылган. Бейтап 3 күн аралыгында улам-улам кусуп жаткандыгына байланыштуу райондук ооруканага кайрылып, рентген текшерүүнүн жыйынтыгында ичегилерде бир нече тизилген бөтөн зат аныкталган.

615839989_1483688577090414_8000997049940952411_n.jpg

Оорукананын тажрыйбалуу хирургдарынын бригадасы бейтапка шашылыш операция жасап, жутуп алган 17 даана магнитти ичегиден толук чыгарышкан. Учурда бейтаптын абалы туруктуу, тиешелүү дарылоо жана көзөмөл жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетүүчү жагдай: магниттик оюнчуктар балдар үчүн өтө кооптуу. Бир нече магнит жутулганда алар ичеги-карын ичинде бири-бирине тартылып, оор кесепеттерге, операциялык кийлигишүүгө чейин алып келиши мүмкүн.