Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарында КМШ)га мүчө мамлекеттердин ART EXPO эл аралык көргөзмөсү ачылды.
Иш-чара Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, көргөзмөнүн алкагында Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа, КМШ өлкөлөрүнүн белгилүү дизайнерлеринин мода көрсөтүүсү, ошондой эле кол өнөр жана сүрөт искусствосунун көргөзмөсү тартууланды.
ART EXPO эл аралык көргөзмөсү - бул КМШга мүчө мамлекеттердин маданият жана искусство тармагындагы жетишкендиктерин чагылдырган ири аянтча болуп саналат.
Бул ири эл аралык иш-чара Ош шаарын КМШ мейкиндигиндеги маданий борборлордун бири катары көрсөтүп, улуттук искусствонун жана маданияттын эл аралык деңгээлде таанылышына чоң салым кошууда. Көргөзмө 14-ноябрга чейин уланат.