Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ош шаарындагы Салижан Жигитов атындагы мектептин имаратынын курулушуна капсула салды.
Буга чейин Курулуш, архитектура, жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Ош шаарында республикалык бюджеттин эсебинен 10 мектептин курулушу башталары маалымдалган.
Бул Ош шаарындагы Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы №2 Салижан Жигитов мектебинин аймагында курулушу башталган 1000 орундуу мектеп.
Маалымдалгандай, президенттин катышуусундагы иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, курулуш, архитектура, жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.