Ошто өзүн башка атып алган жоокер көз жумду

Кырсык Загрузка... 13 Апрель 2026 13:15
pogransluzhba2_730x0.png
copyright icon WWW

Бишкек, 13.04.26. /Кабар/. Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусундагы бөлүмдөрүнүн биринде өзүн башка атып алган аскер кызматкери ооруканада көз жумду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, ал кырсык катталары менен Алай районунун Гүлчө шаарындагы ооруканага жеткирилген. Бирок ага көрсөтүлгөн ыкчам медициналык жардам жана куткаруу аракеттерине карабастан, анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок. Бул факты боюнча чек ара кызматы кызматтык иликтөө иштерин улантууда.

Белгилей кетсек, 2004-жылы туулган И. уулу А. 8-апрелде АК-74 автоматынан ок чыгарып, өмүрүнө кол салууга аракет кылганы маалымдалган.