Бишкек, 15.06.26 /Кабар/. Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында катуу шамал жана нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен кеминде 7 адам каза болуп, 33 киши жаракат алды. Бул тууралуу Анадолу агенттиги кабарлайт.
Маалыматта белгиленгендей, табигый кырсык өзгөчө Банну жана Мансехра райондорун оор зыяндарга учураткан. Катуу шамалдын айынан үйлөрдүн чатырлары учуп, дубалдар ураган.
Куткаруу кызматтары жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатышат. Тиешелүү мекемелерге жардам көрсөтүү жана куткаруу иштерин тездетүү тапшырмасы берилди.
Ошондой эле бийлик жарандарды зарылчылык болбосо жолго чыкпоого чакырып, өзгөчө кооптуу туристтик аймактарга баруудан убактылуу баш тартууну сунуштады.