Парламентте жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңеш Загрузка... 17 Июнь 2026 14:00
hd-1781674728659.jpeg
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлнара Баатырова жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу маселесин көтөрүп, анын ичинде кант диабети, семирүү жана онкологиялык оорулар тууралуу кеп кылды.

Парламенттен билдиришкендей, эл өкүлү жугуштуу эмес оорулар калктын өлүмүнүн жана майыптыктын негизги себептеринин бири болуп жатканын белгилеп: "Өзгөчө жаштардын курамына кант кошулган энергетикалык суусундуктарды ашыкча колдонуусу олуттуу тынчсызданууну жаратууда", - деди.

Ошондой эле кант диабетинин татаалдашуусу менен жабыркаган бейтаптарга гемодиализ жүргүзүү саламаттык сактоо тутумуна жана өлкөнүн экономикасына чоң кыйынчылык келтирип жатканын айткан депутат Гүлнара Баатырова Экономика жана коммерция министрлиги менен өткөрүлгөн кеңешменин жыйынтыгында курамына кант кошулган суусундуктарга акциздик салыкты этап-этабы менен киргизүү боюнча чечим кабыл алынганын билдирди.

"Сунушталып жаткан механизмге ылайык, акциздин өлчөмү продукциядагы канттын көлөмүнө жараша аныкталат", - деген эл өкүлү кант кошулган суусундуктарга салык киргизүү жугуштуу эмес оорулардын алдын алууга, сергек тамактанууну жайылтууга жана келечек муундардын ден соолугуна багытталган маанилүү инвестиция экенин баса белгиледи.