Эртең, 5-сентябрь күнү саат 9:30да “Кабар” агенттигинде маалымат жыйын өтөт.
Темасы: “Дүйнөлүк хоккей легендасы Андрей Зубаревдун Кыргызстанга келиши”
Катышуучулар:
Андрей Зубарев – дүйнө чемпиону, олимпиада чемпиону, улуттук жана эл аралык турнирлердин көп жолку жеңүүчүсү, континенталдык жана улуттук хоккей лигаларынын оюнчусу, Россиянын Эмгек сиңирген спорт чебери;
Асель Абдыгулова – Кыргызстандын Хоккей федерациясынын вице-президенти
Бактыбек Жумагулов – Нарын хоккей лигасынын президенти;
Талант Бокешов – Ат-Башы хоккей лигасынын президенти.
Дүйнөлүк хоккей легендасы — олимпиада чемпиону, Гагарин кубогунун ээси жана Улуттук хоккей лигасынын мурунку оюнчусу Андрей Зубарев Кыргызстанга алгачкы жолу келүүдө.
Ал “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынга катышып, карьерасы, дүйнөлүк хоккейдеги тажрыйбасы жана Кыргызстан менен кызматташуу пландары тууралуу айтып берет.
Спортчунун бул сапары «Манас Кубогу» эл аралык хоккей турниринин алкагында өтүүдө.
Сапар учурунда:
Жаш хоккейчилер жана Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы үчүн мастер-класстар;
Өлкөдөгү хоккей клубдары менен жолугушуу;
Казакстан, Өзбекстан жана башка Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген хоккейчилер үчүн мастер-класстар;
Аймактардагы хоккейдин өнүгүшү менен таанышуу иш-чаралары өткөрүлөт.
Андрей Зубарев бүгүнкү күндө Швейцарияда хоккей формалары жана коньки өндүрүлгөн өзүнүн ишканасын жетектейт. Сапар учурунда ал Кыргызстанда хоккей формаларын өндүрүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулоону пландоодо. Бул өлкөнүн спорт индустриясын өнүктүрүүдө жаңы кадам болушу мүмкүн.
Бул жерден чемпионго суроолорду берүүгө жана кыргыз спортунун тарыхында маанилүү окуяны биринчи болуп чагылдырууга уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлөт.