Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Сокулук районундагы Сокулук жана Туюк чакан ГЭСтеринин ачылышында элге электр энергиясынын тартыштыгынын себебин түшүндүрүп берди.
"Биз кыш мезгилинде тартыштыкты жабуу үчүн 4 млрд кВт/саат электр энергиясын тыштан импорттойбуз. Чакан ГЭСтерди куруп, электр энергиясынын тартыштыгын жоебуз дегенбиз. Туура, чакан ГЭСтерди куруп, кубаттуулуктар кошулуп жатат. Бирок, экинчи жагынан экономикабыз өсүп, жыл сайын жүздөгөн ишканалар, мектеп жана бала бакчалар курулууда. Мунун баары электр энергиясын талап кылат. Ошондуктан биз электр энергиясынын тартышыгын жабууга жетишпей жатабыз. Эми Камбар-Ата-1 ГЭСи курулса жетишсиздик эле жоюлбастан, электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деди өлкө башчысы.